Жаңылыктар / 29.04.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

2780

Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчыларынын катышуусунда өкмөт аралык кеңешинин 10-жыйыны болду. Бул үчүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго убактылуу ооруканадан чыгууга да туура келди.

Айып аянтчасында токтоп турган унаалардын күйүп кетиши боюнча тергөө иши башталды. Анын жыйынтыгы менен чыгымды төлөп бере турган тарап аныкталат.

Кыз-келиндердин күрөшү боюнча улуттук курама команданын залы ушул жылдын аягына чейин салынып бүткөрүлөт. Спорттук комплекстин курулушуна президент Садыр Жапаров капсула салды.

«Ыйманымды ченегиси келишсе, ырда калат тайыздыгым, тереним». Белгилүү акын, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, журналист Зайырбек Ажыматовдун бейитине эстелиги тургузулду.