Жаңылыктар / 29.05.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

547

Өлүм менен аяктаган мушташ. Бишкекте мектеп окуучуларынын урушунан 9-класста окуган бала каза тапты.

Сөзү менен кылган иши дал келбеген учур. Депутаттар өкмөткө ачуу сын айтып, нааразы болсо дагы, премьер-министрди колдоп, ал сунуштаган талапкерлерди жактырып беришти.

ЕАЭБке кирген өлкөлөргө «үч жолку» бажы көзөмөлүн киргизүү зарыл. Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн саммитте президент Сооронбай Жээнбеков биримдиктеги көйгөйлөргө токтолду.

Бир аткаминердин кампасынын айынан бир нече тургундун турак-жайы түрттүрүлүшү мүмкүн. Көчөнүн кыйшык салына башташына себеп болгон обьект кайсы таасирлүү адамга таандык?