Жаңылыктар / 29.08.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30

1000

Антитеррордук операциянын натыйжасында 2 экстремист өлтүрүлдү. Шектүүлөр Эгемендүүлүк майрамында террордук кол салууга даярданып жатышканы айтылууда.

Ошто башы кесилген аялдын өлүмүнө шектелип, маркумдун келини кармалды. Жаш келин менен кайнененин ортосунда чыр чыгып, ал кандуу окуя менен аяктаган.

Ирактын согушкерлерден бошотулган Тал-Афар шаарында Кыргызстандык паспорттор табылдыбы? УКМК бул маалыматты текшере турган болду.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара сызыгын аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабы оор болушу мүмкүн. Калк жыш отурукташкан аймактардагы чекти аныктоо иштери калды.