Жаңылыктар / 29.09.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

806

Балдарды ата-энелеринин уруксааты жок 20 чакырым алыстыкка талапкер менен жолугушууга алып кеткен мугалимдер түшүнүк кат жазышат. Бул окуя Кемин районунун Чым-Коргон айылында катталган.

Кыргызстандагы шайлоого Вашингтондон реакция. Хельсинки комиссиясынын эксперттери административдик ресурс шайлоонун жыйынтыгына кедергисин тийгизиши мүмкүн, деп чочулашууда.

Алты күндөн бери изделип жаткан Израилдик турист кыздын сөөгү табылды. Ал аскадан кулап кеткен.

Бишкекте коомдук траспорттордо жүрүү акысын кымбаттатуу керекпи? Айдоочулар чыгымдар акталбай жатат дешсе, жүргүнчүлөр алгач шарт түзүү керектигин айтышууда.