Жаңылыктар / 29.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1042

Ички иштер министрлиги шайлоого байланыштуу мыйзам бузууларды иликтөөнү эмнеге кечеңдетип жатат? БШК чара көрүүнү өтүнүп өкмөткө кайрылды. Министр кызматынан кол жууйбу?

Акыркы аптада эле азык-түлүктүн айрым түрлөрү кескин кымбаттап кетти. Муну айрымдар доллардын курсунун жогорулашы менен байланыштырууда.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго сөгүш берилди. Санитардык чаралардын сакталышына чабал көзөмөл жүргүзгөн жергиликтүү бийлик менен ички иштер органдарынын иши дагы сынга алынды.

Өрттүн кесепетинен 3 баласы менен көчөдө калган медицина кызматкери жардамга муктаж. Ал жай айларында болгон апаат күндөрү «кызыл зонада» жан аябай иштеген.