Жаңылыктар / 29.09.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

849

Улуттук банкты 7 жылдай жетектеген Толкунбек Абдыгуловдун отставкасы депутаттарды кайым айтыштырды. Айрым эл өкүлдөрү анын төрагалык кызматта калышын суранышты.

Кыргызстанда көчөлөрдө түнкүсүн электр жарыгы өчүрүлө баштады. Энергетиктердин чыгарган буйругу жер-жерлерде нааразычылыктарды жаратууда.

2 жумадан кийин коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирип, штраф салына баштайт. Жеке тараптар 1000 сомго жыгылса, юридикалык жактар 5000 сом төлөйт.

Өрт кырсыгынан бир туугандарын сактап калган кичинекей куткаруучу. Үйү күлгө айланган 8 жаштагы Нурмухаммед Жумабековдун ата-энеси жана бир туугандары жардамга муктаж.