Жаңылыктар / 29.10.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

545

Президент Сооронбай Жээнбеков Стамбул шаарына учуп барды. Мамлекет башчысы  Түркия Республикасынын негизделгенинин 95 жылдыгына арналган салтанаттарга катышат.

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев кызматынан кол жууган жетекчилердин катарын толуктайбы? Бул жетекчинин ишине президенттин да, парламенттин да көңүлү толбой келет.

Түнкү клубда мушташып, студенттин өлүмүнө шектелип жаткандардын бири 17 жашта. Жашы жете электерди эс алуучу жайга киргизген администрация жоопко тартылабы?

Ордолуу Ош шаарында көк-бөрү боюнча өлкө биринчилиги башталды. Чүй, Ош жана Талас областтарынын курама командалары кийинки турга өтүштү.