Жаңылыктар / 29.10.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

847

Бишкек ЖЭБинде кайрадан авария катталдыбы? Борбор калаа толугу менен электр жарыксыз калды. Аткаминерлер кырдаал жөнгө салынды деп ишендирүүдө.

Электр кубатынын үзгүлтүккө учурашы ак халатчандарды дүрбөлөңгө түшүрдү. Коронавирустан дарыланып, концентраторлорго туташтырылган 93 бейтаптын өмүрү коркунучка кептелди.

Вагондорду араалап темир катары сатууга шектелген “Кыргыз темир жолу” ишканасынын бөлүм башчысы кармалды. Азыркы тапта ал мамлекетке канча зыян келтиргени эсептелип жатат.

Театр жана кино жылдызы Тилек Жумагазиев жардамга муктаж. 1 жылдан бери гепатит “Д” илдетинен жабыркаган белгилүү актер чет өлкөдөн операция жасатуу үчүн каражат таппай келет.