Жаңылыктар / 29.10.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1216

Бишкек шаарында жүргүнчү ташып бара жаткан автобус даракты сүзүп, жабыркагандардын саны 20дан ашты. Экөө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоого карата үгүт иштери башталды. Жогорку Кеңештеги 90 мандат үчүн 321 талапкер жана 21 партия ат салышууда.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги көмүрдүн баасын ооздуктай албай жатат. Бишкекте кара отундун наркы 4500 сом деп бекитилгени менен, азыр 5500 сомго чейин сатылууда.

Эми блогерлер да салык төлөй башташы мүмкүн. Сунушталып жаткан салык кодексинин жаңы редакциясы боюнча социалдык тармактар аркылуу пайда тапкандар 10 пайызын мамлекетке төгүп бериши керек.