Жаңылыктар / 29.11.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

731

Түрмөдөн 4 кишинин качышы боюнча Сокулук милициясынын жетекчилиги алмаштырылды. Нөөмөттө турган эки кызматкерге кылмыш иши козголуп, камакка алынды.

Көмүскө экономиканы жоюу, насыялардын пайыздарын азайтуу, өндүрүштү көтөрүү. Депутаттар өкмөткө бюджетти толтуруунун жолдорун айтып беришти.

Кыргызстанда эки аял алгандар жазаланбайт. Мыйзам болгону менен анын аткарылышы татаалдашкан.

Жаш хоккеисттер командасы Кыргызстандын намысын коргоо үчүн АКШга аттанышты. Биздин спортчулар Чикагодо мүз үстүндө дүйнөнүн мен-мендеген оюнчулары менен беттешет.