Жаңылыктар / 29.11.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1598

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов УКМКга суракка чакырылды. Ал «адам өлтүрүүгө аракеттенүү» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинде күбө катары өтүүдө.

Ал эми экс-башкы консул Эркин Сопоков камакка алынды. Мурдагы элчи Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча жаңы жагдайларды ачыкка чыгарабы?

Коррупционер Насирбек Алмаматовдун өлкөдөн чыгып кетишине өбөлгө түзгөн соттордун жоопкерчилигин кароо эмнеге создуктурулуп жатат? Жарандык активисттер Башкы прокуратуранын ишине нараазы.

Айдоочулардын жүргүнчү талашы айылдыктарды санаага салды. Коомдук унаасыз калабыз деп кооптонгон тургундар катуу суукта митингге чыгышты.