Жаңылыктар / 29.11.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1129

Борбордук шайлоо комиссиясынын добуштарды кол менен эсептөөсү 1-2 күндүк убакытты алышы мүмкүн. Ал эми автоматтык эсептөөчү урналардан алынган маалыматтар боюнча беш пайыздык босогодон алты партия өтүүдө.

Бир нече партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип, нааразычылык акциясына чыгышты. Алар добушту саноодо серверде махинацияга жол берилген деп күмөн санашууда.

Кайра-кайра өткөрүлгөн шайлоодон чарчаган эл, чабал үгүт жана мыйзамдык алешемдиктер. Адистер эл эмнеге шайлоого көп келбей койду деген суроого пикирлерин билдиришүүдө.

Жетинчи чакырылыш кимдерден түзүлүшү ыктымал? Алдын ала эсептөөлөр боюнча учурдагы 20 депутат кайра эле шымаланып келе жатышыптыр. Бир мандаттуулардан болсо бир да айым-эл өкүлү көрүнбөйт.