Жаңылыктар / 30.01.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

532

Ош базарын өрт каптады. Бүгүн ондогон павильондор күйүп, соодагерлердин жумушу токтоду.

Бишкектиктерге жылуулук бериле баштады. ТЭЦтеги жаңы блок ишке киргизилди.

Электр энергияны сарамжал колдонгула! Экотехинспекция эс алуу жайларын жарыкты үнөмдөөгө чакырды.

Өспүрүмдүн эрте үй-бүлө курганы боюнча биринчи соттук чечим чыкты. Араванда жашы жете элек кыз турмуш курганы үчүн анын таянеси менен кайненеси 3 жылга соттолду. Ал эми никесин кыйган молдо жазадан кутулуп кетти.