Жаңылыктар / 30.03.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

726

Чуулгандуу кылмыш иштер жандандырыла баштады. Миллиондогон сом зыян келтирилгени аныкталса да, учурунда токтотулган Ош дирекциясы боюнча ишти Башкы прокуратура иликтөөгө алды.

Иши менен эмес, мамлекет тарабынан алган артыкчылык менен өзгөчөлөнгүсү келген депутаттар. Парламентке KG номурун кайтаруу демилгеси көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратты.

Коррупциянын очогу капиталдык салымдардабы? Бул жаатта бюджеттен каражат которулганы менен, көп жылдап бүтпөй турган курулуштардын саны азайбай келет.

Ош шаарына өзгөчө көрк кошкон көпүрө. Борбор Азия боюнча биринчи жолу Кыргызстанда дарыянын үстүнө жайкы сахна курулду.