Жаңылыктар​ / 30.04.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1407

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан набыт болгондордун саны отуздан ашты. Бүгүн эки өлкөнүн президенттери телефон аркылуу сүйлөштү. Эртең Баткенде тараптардын жолугушуусу күтүлүүдө.

Баткендеги кагылышуудан жаракат алган 49 адам атайын борт менен Бишкекке алып келинип, ооруканаларга жаткырылды. Бейтаптардын ичинен эң кичүүсү — 5 жашта.

Тынчтыкка каршы күрөш. Башкы прокуратура Тажикстандын аскер кызматкерлери эл аралык келишимдерди бузганы үчүн дал ушул берене боюнча кылмыш ишин козгоду.

Баткендиктерге жардам берүү максатында акча, азык-түлүк, кийим-кече топтоо улантылууда. Ошондой эле, жаракат алгандар үчүн Бишкекте кан тапшыруу жүрүп жатат.