Жаңылыктар / 30.05.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

950

“Дастан” ишканасындагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду. Бул иште негизги фигуранттардын бири — Бишкектин учурдагы мэри Албек Ибраимов.

Бишкек жылуулук электр борбору боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде айып тагылган аткаминерлердин тизмеси узарууда. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго «коррупция» боюнча айып тагылды.

Мурдагы башкы прокурордун иши канааттандыралык эмес, бирок учурдагы жетекчинин маалыматы эске алынсын. 1 ай мурда башкы көзөмөлдөө мекемесин жетектей баштаган Өткүрбек Жамшитов парламентте отчет берди.

Мектеп окуучулары үчүн үй тапшырмасын жоюу керекпи? Билим берүү министрлигинин сунушу кызуу талкууланып жатат.