Жаңылыктар / 30.05.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

385

6 жыл аралыгында Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион доллардын чоо-жайы. Бул каражаттарга Бажы кызматынын мурдагы төраганын орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын жакындарынын кандай тиешеси бар?

Дагы бир мектеп окуучусу бычакталып каза тапты. Ош шаарында катталган окуяга шектүү катары маркумдан бир жаш улуу өспүрүм кармалды.

Аткезчилик, сызга отурган ишкерлер жана бирдиктүү альянс. Эксперттер президент Сооронбай Жээнбековдун ЕАЭБдин саммитиндеги «үч катар» көзөмөл киргизүү боюнча сунушун талдашууда.

Элдин саламаттыгына коркунуч жараткан таштанды жайы. Ат-Башы районундагы акыр-чикир полигон өлгөн малдын тарпына толуп, андан жугуштуу оорулар тарашы мүмкүн деген кооптонуулар күчөдү.