Жаңылыктар / 30.05.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

973

Кыргызстан кумшекерди экспорттоого жарым жылга тыюу салат. Анткени кант тышка массалык түрдө ташылып, ички рыноктун өзүндө тартыштык жаралды. Заводдор Бразилиядан чийки зат ташып келе баштады.

Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги «кадрдык ызы-чуу» кайрадан тутанды. Министр иштен алган бөлүм башчылары Алымкадыр Бейшеналиевди сотко берип, президентке кайрылышты. Өлкөнүн башкы дарыгери дагы 3 орун басарын иштен алам деп шымаланып турган чагы.

Мугалимди кемсинтип же мазактаган окуучулар жана алардын ата-энелери жазаланып, аларга айып салынат. Мындай өңүттөгү мыйзам долбоору парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинде талкууланып, депутаттар колдошту.

Бишкекте инспекторлор менен жулкулдашкан кыздарга айып салынды. Кайгуул милициясынын түшүндүрмөсүндө «алар көчөнүн чок ортосундо кайыр сурап, автоунааларга тоскоолдук жаратышкан» деп белгиленүүдө.