Жаңылыктар / 30.08.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

755

3 жыл 3 ай модернизацияланган Бишкек жылуулук энерго борбору ишке берилди. Анын ачылышына президент Алмазбек Атамбаев катышып, Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жеткенин айтты.
Күтүлбөгөн жаңы шарттар, оор муляж жана мыкты оюнчулардын четтетилиши. Кыргыз көк-бөрүчүлөрүнүн Астанада өткөн көк-пар чемпионатында биринчиликти албай калганынын себептери.
АКШдагы «Харви» бороонунда кыргызстандыктар жабыр тарткан жок. Тышкы иштер министрлиги Техас штатында жашаган кыргызстандыктарды жергиликтүү бийликтин айткандарын так аткарууга чакырды
Биринчи кезекте жарандардын коопсуздугу жана коомдук тартип! Алдыдагы майрамдарда, өлкө боюнча 9 миңден ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт.