Жаңылыктар / 30.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

817

Саламаттык сактоо министри тармакта кандай иш жүрүп жатканынан кабары жокпу? Премьер-министр Кубатбек Боронов жетекчиге эмне үчүн сөгүш берилгенин айтып берди.

Айрым партиялардын шайлоо күнүнө жетпей эле 10дой мандатка ээ болуп мүмкүнчүлүгү барбы? Алдын-ала добуш бере тургандардын саны быйыл 100 миңге жетет экен.

Тоолуу Карабакта тынчтык орнотуу боюнча «экинчи Бишкек келишимине» кол коюлабы? Тышкы иштер министрлиги аймактагы кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Селсаяктар байырлап, таштандыга толгон сейил бак. Бир убакта жапжашыл болгон Кычан Жакыпов атындагы балдар гүлбагы эмне үчүн учурда кейиштүү абалга келип калды?