Жаңылыктар / 30.09.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1038

Эсеп палатасынын аудиторлору депутаттарга 100 миң доллардан пара бергенби? Бул маалымат боюнча парламентарийлер УКМКга кайрыла турган болушту.

Электр энергиясын үнөмдүү колдонууга мамлекеттик органдардын мамилеси кандай? Жогорку Кеңештин жыйындар залында 16 чоң люстра жана бир нече асма шам күйүп турду.

Жүгөрү өстүрүүчүлөрдү туңгуюкка кептеген чектөө. Фермерлер экспортко тыюу салган чечим артка кайтарылбаса, чыгымга учурайбыз деп кооптонушууда.

Коляскасы үчүн маршруттук таксиге отургузбай, балалуу келинди жулкулдаткан айдоочу иштен айдалып, айыпка жыгылды. 37 жаштагы жаран коомчулуктан кечирим сурады.