Жаңылыктар / 30.10.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

2617

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айдоочусу Икрамжан Илмиянов 7 жылга соттолуп, ондогон үй-мүлкү конфискацияланды. Өкүмгө Илмиянов нааразы.

Ашкере байлык топтогону үчүн салык төлөөгө айрым депутаттар даяр. Парламентарийлер кесиптешинин сунушун колдоп чыгышты. Ашкере байлыктуу болуш үчүн канча дүнүйө-мүлк топтош керек?

Коркунуч жараткан ичүүчү суу. Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылында суу түтүгүнөн курт чыгууда. Адистер анын себебин изилдеп жатышат.

Баткенде бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткан жергиликтүү тургун Тажикстанда кармалып турганы аныкталды. Учурда аны бошотуу тууралуу сүйлөшүү жүрүүдө.