Жаңылыктар / 30.10.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1479

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышууну каалаган алгачкы талапкерди каттоого алды. Кандидаттар 14-ноябрга чейин кайрылышы керек.

Мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген дагы бир жетекчи кылтакка түштү. Бул жолу ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов камакка алынды.

Күндө митинг, күндө чыр. Энергетиктер менен медиктер нааразычылык акциясына чыгышып, бири жаңы жетекчисин алууну талап кылса, ак халатчандар имарат талашууда.

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Кан басымы катуу жогорулап оор абалда Нарындан Бишкекке келген 21 жаштагы келин дарыгерлердин аракети менен аман-эсен көз жарды.