Жаңылыктар / 30.11.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

613

Эртеңден тарта өкмөт күчтөнөт. Конституцияга киргизилген негизги өзгөртүүлөрдү колдонуу мезгили жетти.

Жарандык активисттер Курманбек Бакиевге ич кийимдердин түрүн жөнөтүштү. Качкын президенттин соңку интервьюсу апрель окуясында жабыркагандардын нааразычылыгын жаратты.

Көп аял алууну Жогорку Кеңештеги эркек эл өкүлдөрү колдошууда. Бүгүн айым депутаттар Чубак ажы Жалиловдун аракетин сындап, үн катпаган мырза кесиптештерине нааразы болушту.

Эсепти калькулятордон да бат чыгарган балдар. Кыргызстандык окуучулар менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада байгелүү орундарды ээлешти.