Жаңылыктар / 30.11.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

718

«Дженго» деген каймана аты менен таанымал криминалдык авторитет Кадыр Досоновго издөө жарыяланды. Ал бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка шектелүүдө.

Шайлоо жакындаган сайын президенттикке ат салышкандардын катары суюла баштады. Садык Шер-Нияз саясий жарыштан четтеп, талапкерлигин алганын билдирди.

Антивирус, ноутбук жана программалык камсыздоо. Жогорку Кеңештин депутаттарына компьютер сатып алууга 15 миллион сомдон ашык акчага тендер жарыяланды. Эскилери октябрдагы окуяларда талкаланып, керектен чыккан.

27 жыл мурдагы туңгуч Конституцияны кайтарып келүү керек. Өздөрүн «Комитет 93” атаган кыймыл дал ушундай сунуш менен чыкты.