Жаңылыктар / 30.11.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1132

БШКнын ката кетирген адисинин айрым адамдар менен байланышы жокпу же алдын-ала кандайдыр бир күчтөр менен келишип алган эмеспи? Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасында билдирүү таратып, анда БШКнын маалыматтык сайтында мүчүлүштүктөр үчүн күнөөлүүлөр жоопко тартыларын айтты.

Шайлоонун жүрүшүндөгү «бактылуу сандар». Партиянын катар саны менен номери туура келген талапкерлерге карата дал ушундай сыпаттама айтып жатышат. Айрым талапкерлердин алдыга озуп кетүүсүнүн сыры эмнеде болууда?

Өлкөдөгү жападан жалгыз кардиологиялык санаторийдин уникалдуу багы талкаланып, жок болуу алдында. Убагында гүлдөгөн ден-соолукту чындоо жайынын кейиштүү абалга келип калышына кимдер кызыкдар?