Жаңылыктар / 31.01.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

911

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова кызматтан өз эрки менен кетүү тууралуу арызын жазды. Буга жаңы Баш мыйзамдагы жаңы талаптар негиз болгону көрсөтүлгөн. Ошол эле убакта фемида өкүлдөрүнүн айлыгы тууралуу маалымат эки ача чыгууда.

Көчөдө аялын аёосуз ур-тепкиге алган киши 7 суткага камалып, ал эми аялына коргоо ордери берилди. Коомчулуктун катуу сын-пикиринен кийин гана тартип сакчылары менен тергөөчү ишке аралашты.

Баткенде соңку чек ара жаңжалынан улам келтирилген чыгым алдын-ала 3 миллион сом деп эсептелди. Ал арада Таш-Тумшук, Көк-Таш айылынын айрым тургундары үйлөрүнө толук көчүп келе элек.

Тогуз жылдан бери багы ачылбаган долбоор. Калаа бийлиги «Бишкек санитардык полигонун» өз алдынча рекультивациялоого киришти.