Жаңылыктар​ / 31.03.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1178

Өлкөнүн 3 аймагында эпидемиологиялык абал начар бойдон калууда. Жакында карантиндик чаралар күчөтүлөт. Бишкекте той-аштарды өткөрүүгө кайрадан тыюу салынышы мүмкүн.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева боюнча маселе Жогорку Кеңешке жетти. Бүгүн парламент аны кызматтан убактылуу бошотуу боюнча президенттин сунушун колдоду.

Электр кубатына болгон тариф кымбаттайт. Энергетика министрлигинин мындай кадамы көпчүлүктү ойго салды.

Кыргызстандан темир экспорттоого тыюу салынды. Өлкөдө темирди кайра иштеткен эки завод ишке кирет деп пландалууда.