Жаңылыктар / 31.05.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

762

«КТ мобайл» боюнча депутаттык комиссия мокой баштадыбы? Жыйынды жабык өткөрүү аракети көрүлүп, ишке ашпай калды. Өкмөт башчынын бажасына байланыштуу иште жашыра турган дагы эмне бар?
Кыргыз-өзбек чек арасында ок атылды. Бир адам жаракат алып, ооруканага түштү. Окуя боюнча териштирүү башталды.
Контрабандисттерге кол салууну көздөп жаткан милиция кызматкерлеринен турган кылмыштуу топ кармалды. УКМК аткезчилерде 5 миллион доллар болгонун билдирди.
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы тарыхта биринчи ирет дүйнө чемпионатына жолдомо алды. Арабдар менен кыргыз хоккейчилеринин араздашуусунда акыйкаттык кыргызстандыктар тарапта болду.