Жаңылыктар / 31.05.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1371

Кумтөр алтын кенинде оор техникаларды тейлөө бөлүмүн көзөмөлдөгөн маалыматтык система ишке кире элек. Мындан улам анда иштеген кызматкерлер тиешелүү процесстерди жазуу түрүндө ишке ашырууга мажбур.

Мурдагы бийликтин “Биримдик” партиясына акча чогулткан экс-аткаминерлер соттолушту. Социалдык фонддун мурдагы жетекчиси Медер Ирсалиев менен экс- аппарат башчысы Акылбек Байдылдаев айыпка жыгылышты.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы саясий партиялардын арызын кабыл ала баштады. Бул өнөктүк 13-июнга чейин жүргүзүлөт. Ага чейин саясий бирикмелер съезддерин өткөрүп, шайлоо фонддорун түзүшү керек.

“Ала-Арча” жаратылыш паркынын бир эле Адыгене капчыгайынан активисттер 50 кап таштанды чогултушту. Алар эс алуучулар өздөрүнөн кийин коруктарды акыр-чикирге толтуруп кеткенин айтып, нааразы болушууда.