Жаңылыктар / 31.05.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1156

Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун Жергез айылынын балдары өтө кооптуу мектепте билим алышууда. Министрлик бул тууралуу тиешелүү мекемелердин баары кабардар экенин айтууда.

Мурдагы президенттин Кой-Таштагы хансарайы карылар үйүнө өткөрүлөт. Бирок Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү соттун үй-мүлктү конфискациялоо чечимине каршы арызданганы турат.

Ак-Суу районундагы Сырт өрөөнүндө жарым метрден ашык кар жаап, көчкү түшүп, жолдор жабылды. 12 чабан жана алардын 9 миң башка чукул малы тууралуу маалымат жок.

Чүйдүн Новопокровка айылында үкү жана кирпилер массалык түрдө кырылууда. Экологдор бул үрөй учурган көрүнүштү иликтеп чыгуу зарылдыгын айтышууда. Жаныбарлардын өлүмүнө эмне себеп болууда?