Жаңылыктар / 31.10.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

622

Канадалыктарга мөңгүлөрдү каалагандай талкалоого жол ачылды. Кумтөрдө кен казууну толук кандуу жүргүзүү үчүн «Суу кодексине» киргизилген өзгөртүүлөр үчүнчү окууда кабыл алынууда.

Ош шаарында көрүстөндөгү эстеликтер массалык түрдө кыйратылды. Кылмышка шектүү мындай кадамга маркумдарды кыйнабаш үчүн барганын айтат. Аны ашынган динчилдер тукурганбы?

Акча алып келбегени үчүн мектептен чыгарылган окуучунун окуясын комиссия иликтей баштады. Ал эми билим берүү жайынын жамааты күнөөнү баланын энесине оодарууда.

Кожомкул балбан тууралуу тасма тартуу үчүн алп адамдар изделет. Каражат маселеси чечилген соң, Каба уулу жөнүндө корком фильм жаратуучулар арасында сынак жарыяланат.