Жаныш Бакиевдин сүрөтүн ардак тактага ким илген? (видео)

2241

Кандуу Апрель окуясында окко учкандардын жакындары, ички иштер министрлигиндеги бир катар жетекчилердин жоопкерчиликтерин кароону талап кылышууда. Алар өмүр бою соттолуп, баардык аскердик чиндеринен ажыратылган Жаныш Бакиевдин сүрөтү ИИМдин имаратына илингенине нааразы болуп жатышат. Бул боюнча «Мекен шейиттери» коомдук бирикмесинин теңтөрайымы Нурия Айдабосунова президентке да кайрылды.

Белгилей кетсек, ИИМдин баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында мурда иштеп кеткен жетекчилердин сүрөттөрү илинген тактанын ачуу аземинен сүрөттөр тараган. Анда Жаныш Бакиевдин сүрөтү да илинип турганы коомчулукту катуу нааразы кылды. Мекеме Бакиевдин портретин кайра алып салып, элден кечирим сурады.