Жапа чеккен бизнесмендер президентке даттангыла! (видео)

517

Өлкөдө бизнес-Омбудсмен кызматы негизделип, өнөр-жайды өнүктүрүү комитети түзүлөт. Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү тармактагы бир катар көйгөйлөрдү ортого салышты. Алардын айтымында, ишкерлик кылууга бир канча жылдан бери чечилбей келе жаткан маселелер кедерги болууда.

Алардын негизгилери — бизнес жаатындагы мыйзамдардын туруксуздугу, жергиликтүү рыноктун тышкы таасирден көрүлбөгөнү жана мамлекеттик кызматкерлердин ашыкча аракетинен бизнесмендердин жапа чегүүсү сымал маселелер. Андыктан бул жаатта ишкерлердин шартын начарлата турган укуктук-ченемдик актыларды кабыл алууга мораторий киргизүү сунушталууда.