Жапайы жаныбарларды атууга 10 жылдык мораторий киргизүү сунушталууда

751

Жогорку Кеңеште айбанаттардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. Документке ылайык, жапайы жаныбарларды атууга 10 жылдык мораторий киргизүү сунушталууда.

Ошондой эле, тоо текени атуу үчүн уруксат берүүнүн баасы 450 миңден 700 миң сомго көтөрүлөт. Ал эми мергенчилик кылууга лицензиянын наркы өзүнчө каралып, 70 миңден 100 миң сомго жогорулатылат.