Жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салынсын! (видео)

990

Кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылык кылуу маселеси кайрадан көпчүлүктүн көңүл борборунда. Буга эки күн мурда интернетте мергенчилер тараткан тасма себеп болду. Анда чет элдик жаран автоматтык жаадан аркарды атып өлтүргөнүн көрүүгө болот. Жарандык активисттердин айтымында, мындай жол менен жакында бир топ жаныбарларды жоготуп алышыбыз толук мүмкүн. Эске салсак, өткөн жылы тоо теке, аркар-кулжа, марал сыяктуу жапайы жаныбарларга мергенчилик кылууга 2030-жылга чейин мораторий киргизүү боюнча документ сунушталган. Бирок Жогорку Кеңеште добуш берүүгө келгенде 2 добуш жетпей калып өтпөй калган. Бирок мыйзам долбоорунун демилгечилери токтоп калбай, документти өзгөртүп кайрадан алып чыга турганын билдиришти.