“Жапалак” унаа базарынын кирешеси жашырылып жатабы? (видео)

1257

Ош шаарынын мэриясына караган “Жапалак” унаа базарынын кирешеси жаап-жашырылып жатабы? Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары бул жерден айына 2 миллион сомдон ашык каражат уурдалып жатканын жазып чыгышты. Бирок муниципалитет өкүлдөрү бул маалыматты четке кагышууда. Алардын айтымында, базардын ай сайын тапкан кирешеси — 1 — 1,5 миллион сомго араң жетет. 600 миң сом шаар бюджетине которулса, калган акча — башка чыгымдарга сарпталат, дешет соода жайынын өкүлдөрү.