Жапар Эрматов Батукаевдин бошотулушу боюнча 2 айга камакка алынды

999

Криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагында, Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, фемида өкүлү дагы бир ирет сурак берип, андан кийин сот аны тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Буга чейин Жапар Эрматов үй камагына чыгарылганы айтылган болчу. Бирок тиешелүү министрлик бул маалыматты четке какты.

Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши быйыл январь айында кайрадан жандандырылып, анын алкагында кармалгандардын саны 15 кишиге жетип калды. Алардын арасында Батукаевге рак илдети менен ооруйт деп диагноз койгон онколог дарыгерлерден тарта, мурда жогорку кызматта иштеген адамдар да бар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.