Жапаров 80 студентке президенттик стипендия тапшырды (видео)

1841

Студенттер көңүлүн өзгөчө заманбап технологияларды өнүктүрүүгө жана чет тилдерин үйрөнүүгө буруусу зарыл. Бул тууралуу мамлекет жетекчиси Садыр Жапаров өлкөнүн мыкты студенттерине атайын стипендияны тапшыруу аземинде билдирди. Мындай стипендияга татыган улан-кыздардын саны быйыл 80ге жетти.

Алар өлкөдөгү 90 миңге жакын студенттин ичинен тандалып алынгандар. 2020-2021-окуу жылынын жыйынтыгы менен ийгиликтерге жетишкен студенттерди сыйлоо аземи Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өткөрүлдү.