Жапаров Кыргызстандын областтарын кайсы өлкөлөргө бөлүп берет? (видео)

782

Кыргызстандын 7 областын 7 өнүккөн өлкөгө бөлүп берүү демилгеси коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Бул сунуш депутат Акылбек Жапаровго таандык. Парламентарий бул жерде аймактардагы башкарууну эмес, гранттарды бир конкреттүү регионго багыттоо тууралуу сөз жүрүп жатканын айтат.

Мисалы, Япония бир гана Баткен областына көмөк көрсөтүп, аймактагы социалдык маселелерди чечүүгө жардам берсе дейт. Мындай сунуш, чет жактан келген 3 миллиард доллар гранттын кайда жумшалганы тууралуу так маалыматтын жоктугунан улам пайда болуптур. Бирок депутат чектен чыгып кетти дегендер да жок эмес.