Жапаров менен Путиндин катышуусунда “Жерүй” комбинаты ачылды (видео)

1797

Талас областында Жерүй алтын комбинатынын расмий ачылышы болду. Салтанаттуу иш-чарага өлкө башчысы Садыр Жапаров жерине барып катышса, Россиянын президенти Владимир Путин теле-көпүрө аркылуу байланышка чыкты. Мамлекет жетекчилеринен тышкары, бул иш-чарага россиялык «Альянс тобунун» президенти Муса Бажаев менен ВТБ банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Костин катышты.

Жерүй алтын кенинин ишке киргизилиши менен бюджетке төлөмдөрдүн көлөмү жылына 4 миллиард сомго чейин жогорулайт. Ал эми Талас областын өнүктүрүү фондуна 1 жылда болжол менен 300 миллион сом түшөт. Ошондой эле, 1000 жумушчу орун түзүлөт. Алтындын кору боюнча Кумтөрдөн кийинки орунда турган Жерүй алтын комбинатынын ачылыш аземи…