Жапаров отставкага кетүүгө даяр (видео)

2201

Кыргызстандын бийлиги менен канадалык “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кени боюнча сүйлөшүүлөрү аягына чыгып калды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатып билдирди. Айтымында, тараптар 15-мартка чейин «тынчтык жолу менен тарап кетишет».

Ошондой эле, Жапаров чек ара маселесине дагы токтолуп, анда Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Пекинде жолугушуу өткөргөнүн ачыктады. Анда өлкө лидерлери чек араны үчүнчү тараптын кийилигишүүсү жок чечебиз деп сүйлөшүшкөн. Ошондой эле, эки тараптын тышкы иштер министрлерине демаркациялоо жана делимитациялоо иштерин жандантууну тапшырышкан.