Жапаровдун премьерликке бекитилиши митингти токтоткон жок (видео)

3301

Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка бекитилиши анын тарапташтарынын митингин токтоткон жок. Өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген жарандар бул жолу Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасынын, президент Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетишин талап кылып жатышты.

Ошол эле убакта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын жанында жайгашкан Ысык-Көл мейманканасынын аймагында Сооронбай Жээнбековдун кызматта калуусун каалагандар митинг уюштурушту.