Жапаровдун тарапташтары саясатчыга ырайым кылууну суранышууда

4405

Бишкекте камакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен митинг өткөрүлдү. Нааразычылык акциясы «Максим Горький» атындагы сейил багында болуп, ага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 200гө жакын адам катышты. Алар Жапаровго ырайым кылууну суранышууда.

Жогорку Кеңештин экс-депутатынын адвокаты Шарабидин Токтосуновдун айтымында, учурда саясатчыны бошотуу өтүнүчү боюнча 500 миңге жакын кол топтолгон. Бирок арадан 2,5 ай өтсө дагы бул маселе каралбай жатат, дейт митингдин катышуучулары.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.