Жапон миллиардери Айга учуп бара турган алгачкы турист болот

1050

Бир жумага созула турган экспедиция маалында ракета Айга 200 чакырым аралыкка чейин жакындап, андан соң Жерге кайтып келет.

Маэдзава өзү менен бирге Айга учууга сүрөтчү, музыкант, модельер жана режиссерлордон турган дүйнөдөгү алты же сегиз искусство ишмерин чакыра турганын билдирди. Азырынча алардын аты-жөнү жана Айга учуу үчүн Маэдзаванын SpaceX компаниясына канча акча төлөй тургандыгы белгисиз.

Айды изилдөө иштери башталгандан бери ал жерге болгону 24 гана адам барып келген. 1972-жылы америкалык «Аполлон-17» миссиясы Айга конгондо, ракетада адам болгон эмес.

Илон Масктын SpaceX жеке космостук компаниясы Айга туристтик учууларды ачканын былтыр февралда жарыялаган. Алгач биринчи жолу Айды айланып учуу 2018-жылга белгиленип, бирок кийинкиге жылдырылган.