Жарадар болгон ак илбирске экинчи операция жасалат (видео)

2848

Таласта жарадар болуп, Бишкекке алып келинген ак илбирске жакынкы күндөрү экинчи операция жасалат. Анын башынан 40тан ашуун бытыра чыгарылышы керек. Буга чейин жандыктын денесинен октун 18 чачылмасы алынган. Ветеринарлардын айтымында, бүгүнкү күнү ак илбирстин абалы жакшы. Бирок ал көп убакыт реабилитациядан өтүшү керек.

Жаабарс деген атка конгон жырткыч менен катар эле Нарын областынын Жумгал районунан картайып калган ак илбирс табылган эле. Ал өз алдынча азык таба албай калгандыктан, Ысык-Көлдөгү реабилитациялык борборго жөнөтүлгөн.