Жарактан чыккан унаа номерлери металл катары сатылды (видео)

4120

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, 3 жылдан бери кампаларда чогулган белгилер 143 тонна болгон. Аны сатканда 12 миллион сом түшкөн.

Аукцион уюштурулуп, аллюминийден жасалган номердин бир килограммынын баштапкы баасы 65 сом деп коюлган. Жыйынтыгында аукционго катышкан 2 ишкананын бири металлдарды 83 сомдон алган. Унаанын номурлары кантип жарактан чыгарылып кайсы жерлерге сакталат?