Жарандар НТС телеканалындагы абал боюнча өз пикирлерин билдиришти

882

НТС телеканалындагы кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары да өз пикирлерин билдиришти. Алардын көпчүлүгү телеканалдын ишин үзгүлтүккө учуратуу аракети сөз эркиндигин муунтуу менен барабар экенин айтышууда.

Ошондой эле, медиа тармактын бир катар өкүлдөрү жана укук коргоочулар мындай көрүнүш «өлкө демократиялык нук менен өнүгүүгө багыт алган» деген түшүнүктөн алыстатып, дүйнөлүк аренада мамлекеттин аброюн кыйла түшүрүп жатканын баса белгилешүүдө.

Ошондой эле, өлкөнүн бардык аймактарынан НТС телеканалынын тегерегинде болуп жаткан окуяга тынчсыздануусун билдирип, колдоо сөзүн айткан жарандар дагы арбын болууда. Айрымдары бул боюнча нааразылык акциясына чыгууга даяр экенин айтышса, кээ бирлери «сөз эркиндигинен колуңду тарт!» деген ураан менен акция баштоого белсенип жатышат.

Алардын айтымында, НТС телеканалынын ишмердүүлүгүнө бут тосуу — өлкөнүн демократиялык жол менен өнүгүшүнө кедерги болуп, авторитаризм орногон мамлекеттердин катарына кошуу аракети, дешет алар.