Жарандарды алдап жүргөн фирманын директоруна кылмыш иши козголду

880

Финполдун кызматкерлери «Оками» компаниясынын жетекчисин колго түшүрдү. Ал жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштурам деп акча алып, бирок убадасын аткарбай келгени аныкталган. Бул боюнча Финансы полициясына бир нече адам кайрылып, Нурланов аттуу адамга алданып калганын айтышкан.

«Оками» компаниясы бир жыл мурда Кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия алып, быйыл майда ишин расмий токтоткон. Бирок фирма тымызын иштеп, кайрылгандардан акча алып, кызмат көрсөтпөй келген. Жалпы келтирилген чыгым 500 миң сом деп эсептелүүдө.

Текшерүү учурунда компаниянын директору документтерди жасалмалап келгени дагы аныкталган. Ага карата мыйзамсыз ишкерлик жүргүзүү, алдамчылык, документтерди жасалмалоо беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Финансы полициясы бул фирмадан башка дагы жабыркагандар болсо, арыз менен кайрылууга чакырат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.