Жарандарды тоноп жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

866

Коркутуп-үркүтүү менен адамдарды тоноп, үй-мүлкүн тартып алып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматтарга караганда, Бакыт аттуу киши бир нече шериги менен биргеликте Сокулук районунун жашоочусун күч менен унаага отургузуп, Военно-Антоновка айылынын чеке жагындагы Чоң Чүй каналынын жээгине алып барган. Кылмышка шектүүлөр, андан бир ай аралагында жер тилкесин жана «Лексус» автомашинасын алардын атына жаздыруусун айтып, коркутушкан.

Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында «Опузалоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү кармалып, ал уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү катары катталганы белгилүү болгон. Ошондой эле, эч себепсиз бир адамды ур-токмокко алган дагы бир шектүү кармалып, ал дагы уюшкан кылмыштуу топтон экени аныкталды.

Учурда иликтөө иштери улантылууда.